Печать
Категория: Коом
Просмотров: 201

Камчыбек Ташиев "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандыны буга чейин да өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттер болгонун билдирди. 

"Ушул жылдын февраль айында да Кыргызстандан чыгарып кетүүгө аракеттенишкен. Ошондой эле, аны уурдоого болгон аракеттер 2015 жана 2019-жылдары да катталган. Бул фактылар боюнча 2019-жылдын 7-декабрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ошондо, чет өлкөлүк жаран өзүнүн кылмыш аракетин жашыруу максатында оперативдүү булакка "Сапаттын" жетекчисин уурдоону сунуштаган. Инандыны дагы уурдоого аракет жасалып жатканынан кабардар болоорубуз менен биз ал кишини чакырып, маалымдадык. Ал эми ушул жылдын февраль айында аны уурдагандар өлкөдөн чыгарууга үлгүрүшкөң. Бирок биз кайра Кыргызстанга кайтарып келгенбиз. Анын жубайы жана жардамчысы февралда үч күн жоголгонун билишет. УКМК учурда бул сапар аны кантип Кыргызстандан чыгарып кетишкенин иликтеп жатат", - деди Ташиев.