Печать
Категория: Коом
Просмотров: 322

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын Кыргызстандан чыгарылып кеткени тууралуу суроого жооп берип жатып, анын кыргыз жарандыгын алганындагы дагы мыйзамга терс келген көрүнүштөр бардыгын айтты.

"Орхан Инанды тарабынан Кыргызстандын жарандуулугун алышынын мыйзамдуулугу боюнча тастыктама бар. Кылмыш иши 2019-жылы козголгон. Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине 2019-жылдын 13-сентябрында катталган ошол ишти иликтеп жатат. Биз КР жарандыгын алышынын мыйзамдуулугун текшеребиз, иликтөө уланып жатат. Бүгүн мен бул ишти ИИМге берүүнү чечтим,анткени ал тууралуу бардык маалыматтар бир мекемеде чогулушу керек", - деди Ташиев. 

 Ошондой эле, ал Инандынын түрк паспорту болгонун белгиледи: 

"Инанды ал паспортун чет өлкөлөргө сапарга чыкканда колдонуп келген. Паспортунун жарактуу мөөнөтү 2024-жылга чейин. Кош жарандуулукка ээ болгон, биздин жана Түркиянын паспортун бир убакта колдонгон. Ушул жерде ал мыйзамды бузду. Эгер азыр ал бул жакта болгондо биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартат болчубуз".