Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Кыргызстандын сот түзүмү акыйкат иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. 

"Сот тармагы коррупциядан тазаланды. Азыр сот түзүмү мыйзам алкагында гана иш алып барышат. Соттордун бири дагы пара ала алышпай калды. Мунун баары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан алгандан кийин жасалды. Бардык нерсе жетекчиден көз каранды, сот тармагын коррупциядан тазалоо үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өтө чоң иш аткарды", - деди Ташиев.