Мындай маалыматты өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү таратты.
Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
2021-2022-окуу жылына 4131 бюджеттик орун бөлүнгөн.
Министрлик жана ведомстволордун билдирмелерине ылайык бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги - 2309 орун;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги - 1335 орун;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги - 427 орун;
Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги - 60 орун.
URL: https://kaktus.kg/2460