Юридикалык илимдердин доктору Венера Табалдиева парламент жыйынындагы кылыгына түшүндүрмө берди.
Эске салсак, анын жыйында башпрокурор Курманкул Зулушев сүйлөп жаткан маалда, анын артында отуруп курут жеп, оозун боегон видеосу соцтармакка тараган.
"Мен негизи боенбойм. Коронавирустан улам азыр антисептик көп колдоном, анын айынан эриним дайыма жарылып кетчү болду. Жарылбашы үчүн дайыма боеп турганга туура келүүдө. Ал эми курут деп жатышкан нерсе, курут эмес, конфет болчу. Менин сахарым көтөрүлүп турат. Дайыма конфет жеп турам. Чынын айтканда, ошол учурда абдан толкундандым. Биринчи жолу жыйында сүйлөй турган болсом, толкунданбай кое албадым. Толкунданганда сахар көтөрүлөт. Ошол убакта мен сахар көтөрүлө баштаганын сездим. Тез арада оозума сергитүүчү конфет салышым керек болду. Андан кийин эринимди боешко туура келди. Эгер биздин атаандаштарга мындан башка кармай турган нерсе жок болсо, аларга боорум ооруйт", - деди Табалдиева.