Печать
Категория: Коом
Просмотров: 84

Коомдук жайларда беткап тагуу катуу көзөмөлгө алынат.

1-июлдан тарта Жалал-Абадда тойканалар жабылып, жекшемби күндөрү коомдук транспорт иштебейт. Бул тууралуу 30-июнда шаардык ыкчам штабынын жыйынында чечим кабыл алынганын Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында шаардагы соңку эпидемиологиялык кырдаал талкууланып, чектөөлөрдү киргизүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Ага ылайык, тойканалар 1-июлдан тарта белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотот. Ал эми коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50 пайызга кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин гана иштей турган болду.
Ошондой эле, шаардагы бардык базарлар менчигинин түрүнө карабастан, бекитилген графиктин негизинде жума сайын бир күнгө дезинфекциялоо үчүн жабылып турат.
Мындан тышкары, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор каттамга чыгышпайт. Коомдук жайларда беткап тагуу катуу көзөмөлгө алынат.
Жергиликтүү бийлик тийиштүү кызматтар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча тынымсыз рейддерди жүргүзүп турат.
Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда эпидемиянын үчүнчү толкуну жүрүп жатат жана күндөн-күнгө COVID-19 илдетин жуктургандар көп катталууда