Суу-энергетикалык ресурсу боюнча КМШда 3-орунда турган Кыргызстанда электр энергияларынын таңсыктыгы күчөп атат.1990-жылдарда орто эсеп менен 1,5-2 миллиард киловатт-саат электр энергияларын башка өлкөлөргө сатып турсак, азыр кышкы сезондо ошончого жакын көлөмдө светти сырттан сатып алуудабыз. Ал эми сырттан сатылып алынган электр энергияларынын баалары биздин ички бааларга салыштырганда 3-4 эсе кымбат. Алардын айырмасын өкмөт бюджеттин, Энергетика министрлигинин эсебинен жабууда. Эгерде Кыргызстан жылдан жылга көбөйүп бараткан таңсыктыкты өз күчү менен жаппаса, энергетикалык кризиске белчебизден батканы турабыз. Таңсыктыкты кантип азайтса болот?
Чоң ГЭСтерди курганга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетпейт, ал эми Энергетика министрлигинин карыздары 1,5 миллиард долларды чапчып, өз алапайын таппай турат. ГЭСтерди курганга сырттан инвесторлор чыкпай жатат, анткени инвесторлор өздөрү өндүргөн электр энергияларын дүйнөлүк бааларда саткылары келет, аны биздин керектөөчүлөр көтөрө алышпайт. Таңсыктыкты азайтып, энергетикалык кризистин алдын алуунун бирден-бир жолу- альтернативдүү энергия булактарын же күн, шамал энергияларын пайдалануу, анан эң негизгиси чакан жана майда ГЭСтерди куруу гана болуп саналат. Күн, шамал энергияларын өздөштүрүп, пайдаланганга технологияларыбыз жок. Демек, жакынкы жылдарда чакан жана майда ГЭСтерди курууну көбөйтүүгө гана басым жасалышы керек.
Токтогул ГЭСи курулуп бүткөнгө чейин Кыргызстанда 200гө жакын чакан жана майда ГЭСтер болгон экен. Аталарыбыз, чоң аталарыбыз Аксы районунда айрым колхоздор Намангандан бир орус адисти таап келип, өздөрү жардамдашып, бир айдын ичинде эле бир айылдын элин электр жарыгы менен камсыз кыла турган мини ГЭСти куруп коюшканын айтып калышат. Атап айтканда, 1950-жылдардын аягында Аксы районунун аймагындагы Коммунизм колхозунун башкармасынын төрагасы Мамыт Абылкасымов деген адам ошентип электр энергиясы маселесин чечкен экен. Бизде чоң жана майда өзөн суулар толтура. Ысык-Көлдүн куймалары эле 200гө жакын, дээрлик бардыгы тике агып түшөт. Мына ошолорго жана республиканын башка жерлериндеги өзөндөрдүн сууларынын бир бөлүгүн буруп, мини ГЭСтерди курса болбойбу? Албетте, болот. Азыр өткөн кылымдын ортосуна салыштырганда техникалар, жабдуулар, адистер жетишерлик. Республикадагы ар бир район ашар ыкмасы менен жок дегенде бирден чакан же мини ГЭС куруп, жок дегенде бирден айыл аймагына жетерлик электр энергияларын өндүрө баштаса, өлкөбүздүн энергетикалык жүгү жок дегенде 10 пайызга жеңилдемек, таңсыктык кыйла азаймак. Анын үстүнө чакан жана мини ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергияларынын өздүк нарктары чоң ГЭСтердикине салыштырганда кыйла төмөн болот. Анткени, аларда 3-4төн эле адам иштемек. Бирок, бул маселеге акыркы убактарга көңүл бурулбай келбедиби. Ф.Кулов мындан он жылдай мурда чакан ГЭСтерди куруу боюнча бир уюмду түздү эле, анысы кагаздан бери чыккан жок.
Ушул өңүттөн алганда, Президент С.Жапаров ишкерлер менен жолукканда Рахатбек Ирсалиевдин эки чакан ГЭСти кургандыгы жөнүндө билдиргендиги эл үчүн аябай кубанычтуу болду. Бирок, ал ГЭСтерди курган менен Энергетика министрлиги алар өндүргөн электр энергияларын сатып албай жаткан экен, аны мамлекет башчысы эки күндө чечип берди. Чындыгында эле энергетикалык кризис күчөп жатканда айрым чиновниктердин өзүбүздө өндүрүлгөндөрдү сатып албастан, сырттагылар өндүргөндөргө басым жасап жатышкандыгы - өтө эле тынчсыздандырарлык нерсе. Бул Кыргызстанда миллиарддаган тонна көмүр кендеринин корлору турганда, коңшулаш Казакстандан көмүр сатып алгандай эле абсурддук көрүнүш. Мында, албетте, коррупциялык кызыкчылыктар да болушу ыктымал. Бул жаатта пионердик кылгандыгы үчүн Рахатбек Ирсалиевге сөзсүз бир мамлекеттик сыйлык ыйгарылышы керек.
Чет өлкөлөрдөгү айрым ири компаниялардын өздөрүнүн чоң-чоң ГЭСтери бар. Алсак, АКШдагы “Форд” компаниясынын өзүнүн ГЭСтери бар экендиги маалымдалып жүрөт. Биздеги айрым ири компаниялар деле керектөөлөрүнө жараша өздөрүнүн чакан ГЭСтерин курушса болот. Маселен, А.Салымбеков, Ө.Бабанов, А.Жапаров, Р.Матраимов, А.Арапбаев сыяктуу байлардын чакан ГЭСтерди куруп, өз обьектилерин өз электр энергиялары менен камсыз кылганга чамалары жетет. Бирок, негедир алар бул жаатта кыймылдабай, өкмөткө гана милдеттерин артып отурушат. Алар элге, мамлекетке кыйынчылык түшүп турганда кыймылдашпаса, деги качан кыймылдашат? Акчалуу адамдар жер-жерлерде деле бар, кудайга шүгүр, элибиз 1990-жылдардын башталышындагыдай итке минген абалда эмес.
Биздин оюбузча, коррупционерлерден кустурулган акчалардын бардыгы ушул маселени чечүүгө жумшалса, элибиз президентке, өкмөткө айтар жакшы сөздөрүн таппай калмак. Ал акчаларга жогорку Нарын каскадындагы “РусГидро” курбай койгон чакан ГЭСтердин бири жөн эле бүтмөк. Орустар айткандай, надо дерзать! Чыныгы эрк, каалоо болсо, мүмкүн эместер да ишке ашат. Бири-бирибизге акыл-насаат айтып отура берсек, мүмкүнчүлүктөгүлөр деле колдон чыгып кетээрин көрүп келатабыз.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити