Печать
Категория: Коом
Просмотров: 121

Жогорку Кеңеш жыйынында «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аалы Карашев менен Айнура Осмонова.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору ипотекалык насыя алууда жана аны төлөөдө карапайым калкка жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан. Ошондон улам, «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» мыйзамдан «баштапкы төлөм – 10 пайыз» деген сөздү алып салуу жана ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү «5 жылдан кем эмес» деген сөз «15 жылдан кем эмес» деген сөзгө алмыштыруу сунушталууда.