Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

Ковидге байланыштуу акыбал чыны менен жакшы эмес. Аны дүйнѳ ѳлкѳлѳрү да билип, ошого жараша чечимдерди чыгара башташты.

Израиль ѳлкѳсү Белорусия менен кошо Кыргызстанды азырынча барууга болбой турган мамлекеттердин тизмесине кошту. Бул тизмеде Уганда, Уругвай, БАЭ, Сейшел, Эфиопия, Боливия, Намибия, Парагвай, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Тунис ѳлкѳлѳрү бар.

Израилдин саламаттыкты сактоо министрлиги эгерде жакынкы убакытта Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырбаса, анда биздин ѳлкѳ “максималдуу тобокелчилик ѳкүм сүргѳн” мамлекеттердин тизмесине киргизилерин билдирди. Бул тизмеде учурда Аргентина, Бразилия, ТАР, Индия, Мексика жана Россия бар. Израиль жарандарына  бул тизмедеги ѳлкѳлѳргѳ барууга  кескин тыюу салынган.

Булак: “Майдан. kg” гезити