Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак жол куруу жана энергетика экендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Өлкөбүздүн сырткы карызынын да көп бөлүгү ушул эки тармакка алынган. Бирок жолубуз да, электр энергетика ишканаларыбыз да оңолбой, күндөн-күнгө оңкосунан кетүүдө. Ошол эле учурда жол салгандар да, энергетика тармагында иштегендер да заматта эле жомоктогудай байып кетишүүдө.
Бул тууралуу 28-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде депутаттар Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык ɵнүктүрүү Кувейт фонду ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору жɵнүндɵ Кредиттик макулдашуунун долбоорун жактырып берүү учурунда айтылды. Тиешелүү маалыматты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Кыянбаев Нурланбек берди. Анын айтымында, Кувейт фондусу жолдун курулушуна 29,8 млн.АКШ долларын бөлүп берүүдө. Төлөө мөөнөтү - 25 жыл.
Талкуу учурунда депутат Абдывахаб Нурбаев жолдун ар бир чакырымына канчадан каражат сарпталаарын сурады. Н.Кыянбаевдин маалыматы боюнча, 3-категориядагы жолдорду курууга 400-600, экинчи категорияга 1-1,5 млн, жаңы жолдорду салууга 2 млн.доллардан көбүрөк АКШ доллары кетет. А.Нурбаевдин пикири боюнча, бул өтө кымбат. “Эң көп каражат энергетика менен жолго кетүүдө. Бирок, жолубуз да, энергетикабыз да оңолгон жок”- деди Нурбаев.
Депутат А.Артыков Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун ар бир чакырымынын курулушуна канчадан каражат сарпталып жатканына кызыкты. Эл өкүлү Кыргызстандагы жолдордун курулушун эң коррупциялашкан долбоорлор катары сыпаттап, аларды кылдат текшерип чыгууну сунуштады. Эми УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлуп кеткен соң, мындай жеп-ичмейлерди ким текшерет экен?...
Булак: “Майдан. kg” гезити