ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жүргүзгөн атайын операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактаган жашыруун жайды табышты.
Кылмыштуу топтордун бирине таандык болгон бул ок атуучу куралдар менен ок-дарылар Оштогу кароосуз калган үйдөн табылган.
Жашыруун жай бөлмөлөрдүн биринде казылып, үстүн таштандылар менен жаап коюшкан. Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон “Калашников” үлгүсүндөгү автомат 5,45 калибрдүү октору менен кошо жана тетиктери чачылган абалдагы 16-калибрдүү сайсыз ок атуучу курал табылган.
Куралдарды кароо учурунда алардын номурлары өчүрүлгөнү, автоматка башка өзгөртүүлөр киргизилгени аныкталган.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы ыкчам жол менен алынган маалыматтын негизинде жогорудагы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Иликтөө ишин ИИМдин Тергөө кызматынын Ош шаардык бөлүмү жүргүзүп жатат.
Табылып алынган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Эми милиция кызматкерлери бул жашыруун сакталган куралдар кайсы кылмыштуу топко тиешелүү экендигин жана аны менен кандай кылмыштар жасалгандыгын аныкташса, бир топ ачылбаган кылмыштар аныкталмак.
Булак: “Майдан. kg” гезити