Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

Дем алыш күндөрү кыргызстандыктар “Түндүкэлектр” жана “Чыгышэлектр” ишканаларынан электр энергиясын үй жылытууга жана “башка термикалык процесстер” үчүн колдонууга толугу менен тыюу салуу киргизилип жатканы тууралуу кат жүзүндө билдирме алышты.

“Түндүкэлектр” ишканасынан бул аргасыз чара экенин, ал күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясына таңкыстык жаралган учурда гана колдонулаарын билдиришти.

Мындай аракеттер Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр кубатынын дефицити жаралып калышы мүмкүн болуп жаткандыгына байланыштуу жасалууда. Мындай чектөө электр энергиясынын үч фазалуу системасы кошулган абоненттерге тийиштүү, көбүнесе жеке сектордогуларга тийиштүү экендиги айтылууда.

Кат жүзүндө келген билдирмелерде тыюу “Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кыйла аз болуп, электр энергиясы тартыш болуп жаткандыгына байланыштуу” киргизилгени көрсөтүлгөн.

“Жылытуу мезгилинде сизге электр жылыткычтарын жана башка жабдууларды колдонууга тыюу салынат. Эгерде тыюу бузулса сизге электр энергиясын берүү боюнча жеке чектөө коюлат”,- деп айтылат билдирмеде.

Ошондой эле катта энергетиктер “эркине каршы чектөө киргизүүгө жеткирбеш үчүн жылытуунун альтернативдик булактарын алдын-ала даярдап алууну” суранышкан.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Алгачкы агызуулар 1-июнда башталган. Ошол эле мезгилде, фермерлер жана айыл-чарба министрлиги өлкө кургакчылыктын чегине жетип калганын, Чүй облусунда түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу пайда болгонун айтышууда. Суу жетишсиздигинен улам Бишкек шаарында дагы сугат суусунун тартыштыгы жаралган.

Булак: “Майдан. kg” гезити