Печать
Категория: Коом
Просмотров: 229

Акыркы күндөрү республикабыздын аймагында жол-транспорт кырсыгы көп катталып, каза болгон адамдардын да саны көбөйүүдө. Бул жагдай өткөн жумада Министрлер кабинетинин жыйынында каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы У.Марипов жол кыймылы коопсуздугунун ар кыл аспектилерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгына басым жасады: “Жол кырсыктарынын санынын өсүшү негизинен айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кетишине жана мас абалда унаа башкаруусуна байланыштуу орун алууда. Айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Учурда автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турган тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, “кара тизмеге” киргизилиши керек. Ар бир айдоочу жол кыймылынын эрежелерин, жолдордогу сабаттуу жана тийиштүү жүрүм-турум эрежелерин так сактоосу жана өзүнүн өмүрү үчүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу үчүн да жооптуу экендигин түшүнүшү керек”. 

Транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева жыл сайын унаалардын саны өсүп жаткандыгына көңүл бурду. “Бул фактор жергиликтүү жана республикалык маанидеги унаа жолдордун абалына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Айрым тилкелер пайдаланууга жараксыз абалга келген. Финансы каражаттырынын жетишсиздигинен улам капиталдык реконструкцияга муктаж болгон жерлерде жамаачылап жасап-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул жалпы жол кыймылынын катышуучулары үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратат”, - деп маалымдады ал. 

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, иш-чаралардын жыйындысын жүргүзүү жана республикалык маанидеги автомобиль жолдоруна, анын ичинде Бишкек-Ош жана Бишкек - Чолпон-Ата жол тилкелеринде камераларды орнотуу менен “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-баскычын тез арада ишке киргизүүсү, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону кеңири жайылтууну активдештирүү жана жол кыймылы коопсуздугун, жарандардын, өзгөчө балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чараларын күчтөндүрүү тапшырылды.

Булак: “Майдан. kg” гезити