Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

Эгерде мындан 10 жылдай мурда аутизм, сүйлөө речинин, акыл-эсинин өнүгүүсүнүн кечеңдеши, жеңил формадагы ДЦП сыяктуу дарттары бар наристелерди дарылап, аларды коомго кошуу, билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү жаатында кырдаал анчейин эмес болсо, бүгүнкү күндө “өзгөчө балдарды” дарылап, тарбиялоо жолго коюулуп баратат десек болот. Бир катар борборлор ачылып, иш алып барууда. Алардын арасында “Аутизм победим kg” борбору өзгөчө орунда турат. Аталган борбор балдарды дарылоодо башкалардан жаңыча  методикаларды колдонгондугу, кесипкөй адистери, ата-энелер жана балдар  үчүн түзүлгөн  мыкты шарттары менен айырмаланат.

Биз атайын борбордун уюштуруучусу, директору Анара Данияровага жолугуп, борбордун иши, “өзгөчө балдарды” дарылап, тарбиялоонун түйшүгү, аларды коомго аралаштыруунун маанилүүлүгү ж.б. туурасында баарлаштык. Алгачкы сөздү аз убакыт мурда борбордо орун алган окуядан баштадык.

- Анара айым, сиздердин  борбордогу дефектологдун балага кол көтөрүүсүн көрсөткөн видео тасма коомчулукка чыгып, бир топ пикирлерди жаратты. Сөздү ушундан баштасак.

- Кыргызда “бир карын майды бир кумалак чиритет”,- деген сөз бар го. Ошондой болду. Биздин борборду жакшы билген ата-энелер бир дефектологдун күнөөсүнөн жалпы борборго сөз тийгизүү, жаман ойлоо туура эместигин айтышып, биздин таламды талашып чыгышты. Билбегендер арасында жакшы эмес ойлор жаралып калды окшойт. Бирок чындыгында андай эмес. Бул бизде биринчи жана акыркы жолу болду деп айта алам. Себеби, биздин борбордун ар бир бөлмөсүндө видеокамералар орнотулган.  Балдар менен болгон процедураларга ата-энелер кошулуп киришет. Ата-энелер дайыма балдарынын жанында болушат. Бизден башка бир да борбордо мындай эмес. Ушуну баса белгилеп кетким келет. Видеокамералар биздин гана борбордо орнотулган. Демек, биздегидей көрүнүштөр башка жерлерде күн сайып болуп аткан болушу мүмкүн. Видеокамералар жок болсо, ата-энелер катышпаса, балдар айта албаса, баары болушу ыктымал. Биз биринчи кезекте ата-энелердин ишенимин арттыруу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында камераларды орнотконбуз. Эгерде ата-энелерден жаап жашырган, чочулаган нерсебиз болсо, анда бизде да камералар болмок эмес. Биз видеокамерага түшкөн тасманы баланын энесине өзүбүз бердик. Бул адистерге эле эмес, башка ата-энелерге да сабак болсун деп бердик. Ушул тасма башка борборлордун видеокамераларды орнотуусуна, ачык-айкындуулукка  түрткү болсун дедик.

Окуядан кийин дароо эле дефектологду жумуштан кетирдик. Албетте, мен үчүн өкүнүчтүү болду. Себеби, видео тасмадагы дефектолог кесипкөй, окууну мыкты аяктаган, өз ишин мыкты билген адис болчу. “Өзгөчө балдар” менен жакшы тил табышкан педагог эле. Себеби, өзү да жеңил түрдөгү ДЦП диагнозу бар кыз. Канчалаган ата-энелер ага кезекке турушуп, натыйжалары үчүн ага ыраазы болуп келишкен. Айтымда, ошол учурда үй-бүлөсүндө кандайдыр көйгөйлөр болуп аткан экен. Сыягы, ошол жагдай түрткү берип, анда орусча айтканда “эмоциональное выгорание” болду окшойт.

- Борбор тууралуу айтып берсеңиз. Мындай борборду ачууга эмне түрткү болду?

- “Пенде боолголойт, жараткан аныктайт” дейт го. Эгерде өзүбүздүн балабыз аутизм дартына чалдыкпаганда, бул борбор ачылбайт эле. Балабызга 3 жашында аутизм диагнозун коюшту. Биздин үй-бүлөнүн көйгөйү, кыйынчылыктар ошондон тартып башталды. Барбаган жерибиз калган жок, 10 дарыгерге кайрылсак, алардан 10 түрдүү пикир, кеп-кеңеш угабыз. Баламды коомдун, чөйрөнүн кабыл алуусу кыйын болду. Коомдук жайларда балам кыйкырып, ызы-чуу салып, өзүн адекваттуу эмес алып жүрдү. Андай учурларда башкалардан эмне деген гана негатив сөздөрдү уккан жокпуз. Аутизм дартына чалдыккан баланын жүрүм-туруму ушундай болорун көпчүлүк билбейт экен, көрсө.  Биз алып барбаган адис калган жок. Ошондой күндөрдүн биринде Алма-Ата шаарына Россиядан 17 адис келип, тилекке жараша, биз да барып, жаңы методиканын негизинде дарылануу мүмкүнчүлүгүн алдык. Ал жактан профессорлор менен сүйлөштүм, алардын баалуу кеңештерин уктум. Бир айда күтпөгөндөй натыйжага жетиштик, уулум  Асланда чоң жылыш болду. Бул бизди аябай кубандырып, чоң үмүт, ишеним, стимул берди.

Бишкекке келгенден кийин бизге окшогон ата-энелердин жүздөп саналарын, алардын балдарын ар жактарга алып барып, түйшүк тартып жүргөндөрүн  ойлондум. “Эмне үчүн биздин эле уулубуз жакшы болушу  керек? Башка балдар да дарыланганга неге болбосун? Ар бир баланын билим алууга, коомдон өз ордуларын табууга укуктары бар го”,- деп күндө ойлончу болдум. Аутизм дарты менен чалдыккан балдарга жардам берип, алардын социумга кошулуусуна кол кабыш кылгым келди. Алма-Атадагы методика Кыргызстанда  колдонулчу эмес, ошондуктан заманбап методиканы колдонуу аркылуу аутизм жана башка ушуга окшогон дарттар менен жабыркаган балдарга жардам берип, жакшы натыйжаларга жетишсе болоруна ишенип жаттым. Жолдошума айтсам, ал менин сунушумду туура көрүп, борборду ачууну колго алдык. Башында кыйналдык, долбоорлорду даярдап алып көптөгөн фонддорго кайрылдык. Бирөөсү да колдоого алган жок. Аларды деле түшүнөбүз, эч нерсенин дайыны жок, нөлдөн башталып жаткан долбоорду ким колдогусу келсин. Анан өз алдыбызча аракет кылууга өттүк. Алгачкы убактарда ижара акыларын жолдошум төлөп берип турду. Акырындап нукка түшө баштады, бүгүнкү күндө иштеп жатканыбызга 4 жыл болду.

Бул убакыт аралыгында көптөгөн балдардын дарыланып, билим алуусуна, дарттарды жеңүүлөрүнө жардам бере алдык. Өзүм невропатолог, логопед, дефектолог болуп калдым. Өз алдымча көптөгөн адабияттарды окуп, изилдеп чыктым, мыкты адистер менен тажрыйба алмаштым. Балдарга кантип жардам берүүнүн сырларын өздөштүрдүм. Азыркы күндө күнүнө 5-6 ата-энеге акысыз консультация берем, балдарын дарылоолоруна жол көрсөтөм. Күнүнө жок дегенде телефонума 2 смс келет. Анда ата-энелер кубанычтарын, ыраазычылыктарын билдирип жазышат. Жүздөгөн балдарга жардам берип, алардын коомдон өз ордуларын табууга колкабыш кылып жатканыма шүгүрчүлүк кылам, кубанам.  Кесибим боюнча юристмин, сот болом деп юрфакты аяктагам. Сот болсом, балким чечимдерин пулдаган көп соттордун бири болмокмун.  Кээде туруп, башкаларга жардам берсин, соопчулук иш кылсын деп Жараткан “өзгөчө баланы” бергенби деп ойлоп кетем. Мындан аркы өмүрүмдү “өзгөчө балдарга” жардам берүүгө арнайм деп чечкем. Орустар айтмакчы, бул мен үчүн “призвание”. Жараткан мага канча өмүр берсе, өмүрүмдүн аягына чейин бул ишимди  уланта берем. Алдыда бул багыттагы чоң кыял, максаттарым бар. Бирок аларды азыр айткым келбейт, ден-соолугум болуп турса, аларга жетишериме ишенем.

- Сиздердин борбордо балдарды тарбиялоодо эмнеге басым жасалат?

- “Өзгөчө балдарды” дарылап, коомго кошууда эң ириде ата-эненин баласын кандай болсо ошондой кабыл алуусу маанилүү. Ата-энелер кабыл алмайынча дарылоодо натыйжага жетишүү мүмкүн эмес. Мен да жолдошум экөөбүз уулубуздун дартын  кабыл алып, ар кандай сөздөргө, мамилелерге жооп, мамиле кылууга үйрөнгөнбүз. Баланы дарылоого  мүмкүн экенине ата-энеде ишеним чоң болушу зарыл.

Борбордо дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт. Дарылоо-көнүгүүлөр - коом - ата-эне. Тагыраак айтканда, дарылоого ата-энелердин, коомдун катышуусу өзгөчө мааниге ээ. Коомду аралаштыруу үчүн биз ата-энелерге кайрылып, кадимки балдарын борборго алып келүүсүн айтабыз. “Өзгөчө балдар” кадимкидей балдар менен бирге болуп, ойноп, чогуу көнүгүүлөрдү жасашса, сүйлөшүп баарлашса, натыйжа ошончолук жакшы болот. Кадимки балдарды көргөн “өзгөчө балдардын” жүрүм-турумдарында оң жагына өзгөрүүлөр болот. Анткени, алар башкаларды көрөт, үйрөнөт, туурайт, аларга карап түздөнүшөт. Жалаң “өзгөчө балдарды” бөлүп, аларды бөлмөгө камап алып дарылоо туура эмес.

Ден-соолуктун башаты гимнастикалык көнүгүүлөр экенин баарыбыз билебиз. Спорт менен машыккан адамдын ден-соолугу чың болот. Ошол сыңары бизде гимнастикалык көнүгүүлөргө маани берилет. Спорттук көнүгүүлөр  кандын айлануусу жакшыртат, физикалык жактан чыңалтат. Атайын иштелип чыккан гимнастикалык көнүгүүлөрсүз эч кандай дары-дармек жардам бербейт.

- Бүгүнкү күндө биздин коомдогу “өзгөчө балдарга” болгон мамиле кандай?

- Кудайга шүгүр десек болот. Мурдараакта маалыматтар аз болчу. Коом мындай балдарга түшүнбөөчүлүк, кабыл албоочулук менен мамиле  кылчу. Азыр андай эмес, маалыматтардын көптүгү, маалымат каражаттарында көп айтылып, жазылуусу акыбалды оң жагына өзгөртүүдө. Ата-энелер да өз алдыларынча окуп, үйрөнө башташты. Коом стереотиптик көз караштардан арыла баштады. Статистика боюнча, Кыргызстанда  “өзгөчө балдар” жылына 13 %га көбөйүп жатыптыр. Бул да оң таасирин тийгизүүдө. Себеби, бир үй-бүлөнүн жакынкы же алыскы туугандарында, же кошуналарында “өзгөчө балдар” болсо, алар аркылуу билишип, түшүнүшүп калышты. Ошондон улам “мындай  нерсе ар бир үй-бүлөнүн башында бар” дегендей түшүнүүчүлүк, толеранттуулук мамиле калыптанууда. Мындан сырткары, бул жааттагы адистер көбөйүүдө, атайын борборлор, жайлар ачылууда.

- Мамлекет тарабынан кандайдыр колдоолор болобу? Дегеле мамлекет бул багытта эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

- Албетте, бул багытта аткарылчу, чечилчү маселелер абдан көп. Бирок мен мамлекет жетекчилерин да түшүнөм. Кыргызстанда мындан башка масштабдуу көйгөйлөр жетишерлик. Ошолорду чечүү үстүндө иш алып барып жатышат деп ойлойм. Биздин борбор  тийешелүү министрлик, мекемелерден ыраазычылыктарды алып, жакшы сөздөрдү угуп турабыз. “Бүтүндөй бир мамлекет аткарчу иштерди кылып жатасыңар”- деген сөздөрдү көп угабыз. Бул бизге кошумча стимул, мотивация берет.

Кыргыз өкмөтү “менталдык майыптык” дегенди  кабыл алып, “өзгөчө балдар” үчүн 4 миң сомдон жөлөк пул чегерип беришти. Мындан сырткары, “өзгөчө балдарды” караган ата-энелерге 4 миң сомдон бериле баштады. Бул да болсо ата-энелердин  керектөөлөрүнө жарайт. Бирок азырынча атайын мамлекеттик борборлор жок. Ата-энелердин көпчүлүгү бюджеттик мекемелерде иштешкендиктен, баарынын эле менчик борборлорго алып барып дарылатууга, окутууга  шарттары боло бербейт. Атайын мектептер болгону менен аутист балдар үчүн мектептер жок. “Өзгөчө балдардын” баарын бир окутуу туура эмес. Анткени, изилдөөлөр аутист, даунист, ДЦП балдардын ар биринин мээлери ар башкача иштей турганын көрсөткөн.

Биз келечекте инклюзивдүү билим берүүгө барышыбыз керек. Мамлекет ушул нерсени колго алса эң туура, максаттуу болот. Инклюзивдүү билим берүү деген эмне? Бул кадимки жалпы билим берүүчү орто мектептердеги класстарга бир-эки “өзгөчө балдарды” кошуп окутуу. Билим берүүнүн мындай методикасы аябай натыйжалуу. Себеби, мында кадимки балдарга аралашып окушат, алардан көп нерселерди практика жүзүндө үйрөнүшөт, кадимки балдар көптөшүп, өздөрүнүн чөйрөлөрүнө кошуп тартып кетишет, коомго аралаштырат. Ошону менен бирге алар “өзгөчө балдар” тууралуу билип, түшүнүп  чоңоюшат. Кичинесинен боорукерлик, толеранттуулук сезимдер  менен инсан болуп  калыптанышат. Инклюзивдүү билим берүү ата-энелердин да, коомдун да, мамлекеттин да түйшүктөрүн жеңилдетет. Мындай чөйрөдө чоңойгон коомдо “өзгөчө балдарга” болгон мамиле да таптакыр башкача болот. Бир мисал айтайын. Японияда статистика боюнча ар бир отуз төртүнчү бала аутизм дарты менен төрөлүшөт. Бирок аларда бул статистика билинбейт. Эмнеге? Анткени, Японияда инклюзивдүү билим берүү аябай өнүккөн. Ошондуктан көпчүлүк менен аралашып, бирге окуп, бирге жүрүп, алардын “өзгөчөлүгү” билинбейт. Биз да акырындап ошого барышыбыз керек.

Кыргызстанда  өткөн жылы инклюзивдүү билим берүү боюнча чечим кабыл алынган. Бирок ага азырынча каражат жок, ишке ашпай турат. Аны дароо эле ишке ашыруу да мүмкүн эмес. Ал үчүн атайын жеңилдетилген окутуу программасын кабыл алуу зарыл, атайын педагогдор даярдалат ж.б. Азыр өлкөбүздө көйгөйлөр ансыз да көп. Экономиканы көтөрүү, тышкы карыздардан кутулуу, чек ара көйгөйлөрү, мамлекеттин  коопсуздугу. Бул көйгөйлөр чечилип, өлкөбүз ирденип алгандан кийин “өзгөчө балдарга” өзгөчө көңүл бурулуп, инклюзивдүү билим берүүнү  ишке ашырчу күн да келерине ишенем.

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити