Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

«Ооруганыбызга алты күн болду, Эң баштапкы белгилери өтө-өтө катуу баш ооруйт экен, чыйрыгып үшүп, алың кетип шалдырап, ичиң өтүп, кусуп, сөөк муундар тим эле ооруп, температура көтөрүлүп, кайра түшүп бир калыпта болбойт, жөтөл бир аз болгон, азыр жок. Алгачкы күндөрү тамакты жакшы эле жеп аттым, үч күндөн кийин аппетит жоголду, 4 кг 800 гр арыктаптырмын.

Бүгүнкү абал: суюктук көп ичкен үчүн, эки бөйрөгүмө күч келди окшойт, эрте менен бир капталдан экинчи капталыма оодарыла албай оор болду. Сөөктөрүмдөн бир бутум ооруп турат, башымдын оорусу да басаңдап калды. Чыйрыгуу аз-аз бар. Тамакка табит дале жок. Алсыроо, чарчоо баштапкы күндөрдөй эле турат. Жыт, даам сезүү жок.

Этият болуңуздар! Маскачан, перчатки менен жүрсөңөр деле вирус жуккусу келсе, жуга берет экен. Качан, каерден, кимден жукканы белгисиз", - деп жазды журналист Назгүл Насиева соцтармактагы баракчасына.