Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Киргизия-1 конушунун тургундары митингге чыгышты. Алардын талабы - суу маселесин чечип берүү. Митингдин катышуучуларынын айтымында, төрт жылдан бери конуш суугат учурунда суусуз калат. 

Тургундардын бири ар жыл сайын ушинтип чогулуша турганын билдирди. 

"Жайкы убакта суугат суу да, иче турган суу да чыкпай калат. Баарыбызда короо-жай бар, аны суугармак тургай ичүүгө суу таппай калабыз. Жакында резиденциядагы башкы арыкты кайсы бир адамдар тосуп салышыптыр, мындай кылбаш керек болчу. Тийиштүү кызматтар биздин маселеге такыр көңүл бурбай коюшту", - деди ал. 

 Ал эми Ала-Арча өлчөөчү станциясынын жетекчиси Шарапат Курманалиеванын айтымында, бул жылы каналдарда суу аз. Бирок бүгүн кечки саат 5те аталган конушка суу берилет, жумасына бир жолу берүү маселеси каралып жатат.