Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев соцтармактагы баракчасына мындай билдирүү калтырды: 

"Аскарбек мырза, мен сизди сыйлайм.

Бирок толугу менен биздин команда кылган ишти өзүңүзгө жаздырып алганыңыз - абдан профессионалдуу эмес болуп калыптыр.

Ал комиссияны жаңылышпасам мен буйрук менен ноябрьда бекиткем. Комиссиянын курамына көз карандысыз, үрөөнчүлүк тармагында кадыр баркы күчтүү адамдарды атайын кошком.

Алардын айтымында сизге караштуу жана министрлердин кабинетинин төрагасына Мариповко караштуу үрөөн чарбалар да аттестациялоодон өтпөй калган. Талаптарга толугу менен жооп бербегенин сүрөткө, видеолорго да жаздырышкан. Ошол боюнча да маалымат берип кетсеңиз.

Ошондой эле ал убакытта асыл-тукум мал чарба статусун алган мал чарбаларды дагы кайра аттестация кылыш үчүн комиссияны түзгөм.

Ушул жалган маалыматты жайылтып, элди алдаганыңыз үчүн расмий кечирим сураңыз, жолдош министр!"

Токтогазиевдин бул билдирүүсүнө учурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун Кыргызстандагы 139 үрөнчүлүк чарбанын 90у гана талапка жооп берээрин белгилегени себеп болгон.

Ошондой эле, министр: “Мен кызматка келерим менен үрөн чарбалардын ишин мониторинг кылуучу комиссия түзүп, аймактарды кыдырып чыккам. Буга чейин андай комиссиялар министрликтин кызматкерлеринен эле турса, бул жолу жеке сектордон көз карандысыз серепчилер кошулган. Мониторингдин жыйынтыгы менен өлкөдөгү үрөн чарбалардын 40 пайызга жакыны статусунан ажыраган”, - деген.