Айыл чарба министрлиги тарабынан ЕАЭСке кирбеген мамлекеттерге айрым азык-түлүктөрдү Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом даярдалды. Мындан улам, 2021-жылдын соңуна чейин буудай, жүгөрү, арпа, күрүч, ун, өсүмдүк майы, жумуртка, кумшекер, чөп, саман өлкөдөн чыгарылбайт.
Бул бул жылдагы Кыргызстандагы кургакчылыкты эске алуу менен жасалды. Буга чейин мындай чектөө ушул жылдын 8-январында киргизилген болчу.