Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

Эл аралык Кылмыш сотунун Прокуратурасы кыргыз юристинин кайрылуусун 14-июнда  кабыл алды. Бул тууралуу Сания Токтогазиева өзү билдирди. 

"Бүгүн, 14-июнда, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуратурасынан биздин маалымдоо/кайрулууну (communication) каттоо жөнүндө тастыктоочу кат алдым", - деди юрист.

Эске салсак, юрист Сания Токтогазиева Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстан калкына каршы аскер кылмышын кылгандыгы тууралуу эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна тергөө ишин баштоо боюнча кайрылуусун 6-июнда жолдогон.