Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

Жасалма диплому барлардын аныкталуусу - кыргыз билим берүү системасындагы коррупциянын канчалык деңгээлге жеткенин айгинеледи. Мындай пикирин Каныбек Осмоналиев билдирди. 

"Мен буга абдан каршымын. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында да бир-эки депутаттын диплому жасалма экени аныкталган. Ал турсун мен бул маселени өзүм жетектеген комитеттин жыйынына алып чыккам. Мындай көрүнүш 1990-жылдардын башынан 2000-жылдардын ортосуна чейин уланды. Эми тыйылып калды. Жасалма диплом алуу жана берүү - бул чоң кылмыш. Бул жогорку окуу жайлардагы коррупциянын эбегейсиз чоң масштабга жеткенин билдирип турат. Мен аны "Кумтөрдөгү" коррупциядан да ашынган дейт элем. Анткени, бул жерде бир гана акча коррупциясы эмес, кыргыздын келечегине балта чапкан кылмыш болуп жатат. Эч жерде окубай, эч кандай билим албай, жасалма диплом сатып алгандар жооптуу кызматтарды ээлеп, алды вице-премьерликке чейин жетишиптир да. Бул да билингендегиси, билинбегени канча, министр, айыл өкмөт башчыларын айтпай эле коеюн. Мунун өтө олуттуу караш керек. Керек болсо кыргыз мамлекетинин коопсуздук маселесине айлантуу зарыл. Жалаң бешке окуп, татыктуу билим алган уул-кыздарыбыз жумуш таппай жүрүшсө, диплом сатып алгандар табиятынан шылуун келишет окшойт, жооптуу кызматтарды аркалашат. Бул маселени ушул бойдон калтырбай, Коопсуздук кеңешинин кароосуна коюу шар. Билим берүү системасын иликтөөнү күн тартибине киргизүү учурдун талабы болуп турат", - деди Каныбек Осмоналиев.