Печать
Категория: Коом
Просмотров: 137

 Жол кырсыктары ушу тапта негизги көйгөйлөрдүн бири болуп турат. Дегеле, адам өмүрүн ажалдын колуна салып берген жол кырсыктары канткенде азаят? Кандай чараларды көрүү менен бул көйгөйдү жойо алабыз? Суроолор көп. Мындан улам бул көйгөйдү жоюу, кырсыктардын алдын алуу жаатында президент Садыр Жапаров ИИМге атайын тапшырма берген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганына токтолгон.  Өлкө башчысы жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылган.

Мамлекет башчынын бул тапшырмасын так аткаруу максатында 14-июнь күнү Ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн кеңешме өткөрдү. Бул кеңешмеде тез аранын ичинде жол кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча кескин чараларды көрүү, жайкы туристтик мезгилге карата жол кырсыктарын болтурбоо максатында зарыл иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу маселелери козголду.

Албетте, мындай жыйындар канчалык деӊгээлде маанилүү экени айтпасак да белгилүү. Күн сайын үрөй учурган кырсыктар канчалаган адамдардын өмүрүн алып кетүү, түбөлүк майып кылуу менен коштолуп жатканы өкүнүчтүү. Андыктан бул багытта тиешелүү тармактар ыкчам аракеттерди көрүүсү керек.

Ушу тапта айдоочулар айып пулду азайтуу маселесин талкууга салып, аны Жогорку Кеӊеш колдоп берсин дешүүдө. Арийне, кырсыктардын статистикасы мындай талаптарга макул болбоо керектигин айгинелеп турат. Өзгөчө ичимдик ичип алып айдаган айдоочулар, унаанын техникалык кароосуна көзөмөл кылбастан узак жолго чыккандар адам өмүрүн тобокелге салганы аз келгенсип, аларды түз эле ажалдын колуна салып беришүүдө