Печать
Категория: Коом
Просмотров: 897

Нью-Йорктогу кыргызстандыктар Centerra Gold Inc компаниясына каршы  митингге чыгышты. Бул тууралуу уюштуруучулар интернет тармагына жарыялашты. 

Маалым болгондой, Нью-Йорктогу БУУнун имаратынын жанына кыргызстандыктар нааразычылык митингге чыгышып, Centerra Gold Inc компаниясынын ишмердүүлүгүнө каршылыктарын билдиришкен. Алар бул компанияны экологияны талкалаганы үчүн жоопко тартууну талап кылышкан. 

Митингге 20дан ашуун адам чыккан. Аларды полиция кубалаган эмес жана көптөгөн америкалыктар колдоосун билдиришкен. 

 Кыргызстанцы в Нью-Йорке вышли на митинг против «Центерры» - VESTI.KG -  Новости Кыргызстана