УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
Такталгандай, Төрөбай Зулпукаров 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.
Андан кийин, ал Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алууда колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилинде, экинчи жогорку билим алганы белгиленет.
Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, Төрөбай Зулпукаров университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилгени аныкталган.