Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Бишкектеги бүгүнкү абал боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:
- Мен бүгүн башка шаардыктар сыяктуу эле жумушка жетүүдө, уулумду мектепке алып барууда транспорт маселесине туш болдум. Айдоочулардын көтөрүлүшүнүн себебин талкуулабай эле коеюн - бул менин шаардык кеңештеги кесиптештеримдин иши.
Алар бул маселеден чыгууга бир гана айдоочулардын кызыкчылыгын эске алуу менен эмес, шаардыктардын мүмкүнчүлүгүн да ойлоп жол табат деп ишенем. Ошол эле автобустар тууралуу он жылдан бери айтып келатабыз.
Мени башка кырдаал ойлондурат. Эмнеге иш таштоо болоорун алдын ала билип туруп мэрия менен өкмөт шаардыктарды транспорт менен камсыз кылуу маселесин чечүүнү ойлонушкан эмес? Кайсы бир транспорт уюмдарын, милициянын мүмкүнчүлүгүн, аскерди жана башка мамлекеттик түзүмдөрдү тартууга болот эле го. Бир убакта транспортко эл көп түшпөшү үчүн ар кайсы түзүмдөрдүн иш графигин өзгөртүүгө да болмок.
Ал болбосо иш таштагандар иштеген компаниялардын ээлери менен сүйлөшүү жүргүзсө болот эле го. Белгилей кетейин, мурда биздин өкмөт менен бийлик бутактары өрт өчүргүчтөр сыяктуу фактыга реакция кылып келишкен, окуя болуп өткөндөн кийин өрттү өчүрүүгө аракеттенишчү, анын алдын алууну ойлонушчу эмес. Азыр биздин бийлик мындан да начар позицияны карманды. "Мен ушундай болоорун билгем, бирок эч нерсе жасаган жокмун".