Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Бүгүн, 31-майда УКМКга Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Игорь Чудинов суракка чакырылды.

Асылбек Жээнбеков 2011-жылдын декабрынан тарта 2016-жылдын апрелине чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгону үчүн суралып жатса,  Т.Зулпукаров 2012-жылы январда КСДПдан вице-спикер болуп турган. И.Чудинов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон.

Буга чейин мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу боюнча кармалганы белгилүү болгон. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди. Иш Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен козголгон.