Өздүк булактардын кабарлаганына караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зудпукаров да ккармалып, бүгүн камакка алыныптыр. Бирок бул маалымат боюнча УКМК расмий билдире элек. Төрөбай Зулпукаровдун да башына кара булут айланып калгандай.
Эске салсак, буга чейин Өмүрбек Бабанов камалганы белгилүү болгон. Анын камалышын УКМК “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш ишине байланыштырды. Бабанов тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.