Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

Президент Садыр Жапаровдун уулу аскердик милдетин өтөөгө жөнөп кеткени соцтармактарга жазылган. Бирок президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалыматты тактады. Анын айтымында, аскерге кетти делген Азат Жапаров мамлекет башчынын уулу эмес, жакын тууганы.

"Азат Жапаров президенттин уулу эмес,  жакын тууганы. Анын армияга кызмат өтөгөнү кеткени чын. Бирок, коомчулукта президенттин уулу деген маалымат тарап жатат. Буюрса, мезгили келсе, Садыр Жапаровдун уулу да кызмат өтөйт", - деп билдирди.