Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Уу коргошундун кайнатмасы менен коронавирус илдетин дарылоого болобу? Бул суроого жооп табуу үчүн иликтөө иштери аягына чыгып калганын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев комитет жыйынында билдирди. 

"Иликтөөлөрдөн улам уу коргошун адамдын иммунитетин көтөрөөрү белгилүү болду, а коронавирус менен ооруган бейтаптардын какырыгын чыгарууга жардам берет. Материалдар профессорлорго жана академиктерге корутунду чыгарууга жиберилди. Ошондой эле, уу коргошун онкология дарты менен жабыркаган бейтаптарга да жардам берет. Ооруканадан ашказан рагынын 4-стадиясындагы бейтаптарды чыгарып коюшат. А уу коргошундун кайнатмасын ичишсе, шишик чоңойбойт", - деди министр. 

 Депутаттар министрдин бул сөзүнөн улам эгер коронавирус уу коргошундан дарыланса, анда ага вакцина сатып алуунун кереги жок экен да деген суроону узатышты эле, Бейшеналиев: "Вакцина -профилактика, а уу коргошун - дарылоо үчүн керек", - деди.