Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Депутат Марлен Маматалиев Бузуулар жөнүндө кодекске айып пулдардын бир катар жаңы категорияларын киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушту ал Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында жолдоду.

Ошондой эле, депутат мас абалындагы айдоочуларга айып пулду 55 миң сомго чейин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Андан сырткары электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү, тиешелүү мамлекеттик органдын “орто статистикалык ылдамдык” түшүнүгүнө мамилеси жана жол-кайгуул кызматынын ишиндеги санариптештирүү маселесин көтөрдү.