Печать
Категория: Коом
Просмотров: 77

"Жамалбек иним (Ырсалиев вице-мэр) "Түнкү сугатта жүрөбүз"- деп жазыптыр. Резина өтүк кийип алган. Анан "Бишкек жашыл шаар эле"- деген ностальгия эске түштү. Бишкектин жашыл шаар болбой баратканынын башкы себеби шаардын сугат системасынын дээрлик бузулушунда. Шаардын сугат системасын толук калыбына келтирип, ага кошумча шаарды сугат суу менен камсыз кылуучу чакан суу сактагычтарды (Ала-Арча, Аламүдүн сууларындагы) толук иштей турган абалга жеткисип оңдомоюн Жамалбек инимдин эмгеги талаага кетип жакында Бишкек жашыл шаарга айлана албайт. Жамалбек иним ушул жагын да колго алып, тиешелүү тармактарыдын эшигин каккылап тажат. Колдон келген жагы болсо биз да колдоодон аянбайбыз. Өзүңдөй азамат ишти колго алып күнү-түнү чуркап жүргөн соң буюрса Бишкек жашыл шаарга айланат",- деп жазды жазуучу Чолпонбек Абыкеев соцтармактагы баракчасына.