Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

- Көпчүлүк КММАнын ректору Индира Кудайбергеновага оң баа берип жатышат. А мен анын ишине баа берүүдөн карманып, окуу жайдын ректорун шайлоо боюнча айтайын. 

Шайлоо "Билим берүү тууралуу" Мыйзамына ылайык дайындалды жана билим берүү министри да ректорду шайлоо боюнча буйрук чыгарды. 

Бирок мөөнөт аяктаганга чейин бул орун кимдир бирөөгө керек болуп калды, а шайлоого жакын калганда 4 талапкердин ичинен Кудайбергенова көпчүлүк добуш алаары белгилүү болду. 

 "Өз" кадрын КММАнын ректорлугуна алып келүү үчүн статс-катчыларды ротациялашты (саламаттыкты сактоо министрлигине билим берүү министрлигинде иштеген адамды алып келишти). Статс-катчы ишке кирише албай жатып, дароо КММАнын ректорун шайлоону токтотуу буйругун чыгарды. Бул буйрук мыйзамсыз болду, анткени статс-катчы мындай буйруктарды чыгарууга укуксуз. 

 Түшүнүктүү эле да, мыйзамдар жогорудан ылдыйды карата "коюлган", бирок баары бир Башкы прокуратурага статс-катчынын шайлоону токтотуу боюнча буйругун жокко чыгаруу боюнча сунуштама берилиши керек. 

Жакшы кадрларды колдон чыгарууга болбойт.