Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

 Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Медакадемиясынын ректорун шайлоо боюнча айтып берди. Эске салсак, буга чейин аталган окуу жайдын жамааты ректорду шайлоого министрдин кийлишигип жатканын айтып чыгышкан. 

"Мени ректор болгусу келип жатат дешти. Мен аны угуп абдан таң калдым. Министр чоңбу же ректорбу? Элестетип көргүлө, мага президент министрликти ишенип тапшырса, болгондо да алты структурадан түзүлгөн министрлик,  мени ага реформа жасасын, оптимизацияласын, коррупция менен күрөшсүн деп алып келсе, анан мен кайдагы бир ректорлук орунга жулкунамбы? Мен министрмин, Медакадемияга эч кандай байланышым жок. Шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги өткөрөт", - деди министр Бейшеналиев.