Печать
Категория: Коом
Просмотров: 101

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 27-29-майда иш сапары менен Ош жана Баткен облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы чек ара айылдарынын тургундары менен жолугушуп, мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү максатында кырдаал менен түздөн-түз жеринде таанышат.