Печать
Категория: Коом
Просмотров: 118

"Шайлоолор жокко чыгарылган шаарлар боюнча өтө кызык чечим чыгыптыр, туугандар! Эми, Бишкек, Ош, Токмок шаарларында күнөө кетирген партиялар кайра шайлоого катыша берет экен!

Бирок, ал партиялардан тизмеге кирген бир да талапкер кайра шайлоого катыша албайт экен!

Эми, паспортторду жаңылап, фамилиясын өзгөртөбүз деп чуркап жүрүшөт деееейт, кее бирлер....

Укмуш эле өлкөбүз да, таңгөрүнүкү..." - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, жергиликтүү шайлоодогу добуш сатып алуу фактыларынын көп катталганынан улам айрым шаардык кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.