Печать
Категория: Коом
Просмотров: 262

Акылбек Жапаров Аскар Акаевдин айткандарына жооп берүүдөн баш тартты. Маалымат жыйынында мурдагы президенттин билдирүүсү тууралуу "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссиянын төрагасына суроо узатылды. 

"Мен жашы улуу кишинин айтканын талдагым келбейт. Анын айыптоолорунун баары негизсиз. Биздин отчетттордо бардык келишимдер: 2003-2009-2019 - жылдардагы келишимдер бар. 2003-жылы комиссиянын биринчи жыйынынан кийин эле мен кеткем. Биз "Центерра" Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келгендиктен аны түзүштүн кереги жок деп чечкенбиз. Аскар Акаев ал жылдары президент мен болгондой эле айтыптыр. Жашы улуу болгондуктан, айтканына жооп кайтарбай эле коеюн", - деди Жапаров. 

 Эске салсак, Аскар Акаев "Кумтөр" боюнча 2003-жылы түзүлгөн келишимге Акылбек Жапаровдун күнөөсү чоң экенин белгилеген.