2021-жылдын 1-январына карата өлкөдө 3 млн. 343 миң аял жашайт, бул жалпы калктын 50,4 пайызын түзөт. Алардын 1 млн. 195 миңи шаарларда жашаса, 2 млн. 148 миң аял айыл жерлеринде күн кечирип келишүүдө. 2020-жылы 15-55 жаштагы 158 миң аял эне бактысына ээ болушса, алардын орточо курагы 23 жашты түзгөн. Алардын 27 пайызы биринчи жолу көз жарса, 35 пайызы экинчи ирет эне болушкандар. Ал эми энелердин 13 пайызы төрт жана андан ашык балдары барлар болуп саналат.
Булак: "Майдан. kg" гезити