Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

Кыргызстан керек болсо бензин менен газдан да кымбат жана дүйнө элдеринин баардыгына бирдей керек, ал тургай альтернативасы жок баалу азык – эттин мекени болгон менен анын пайдасын көрбөй келаткандыгы жашыруун эмес. Анткен менен кеч болсо да бул тармак колго алынууда. Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы “Рейна Кенч” эт комбинатынын ишке киргизилишине катышты.

Эт комбинатынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт.

Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталып, анын 36 миллион сому “Айыл Банк” ААКсы  тарабынан жеңилдетилген ресурс катары бөлүнгөн.

Эт комбинаты малды Ысык-Көл облусунун төрт районунун фермерлеринен түздөн-түз сатып алып турат. Аны менен облустун малчыларынан малдын туруктуу түрдө сатылып алынышы камсыз кылынары белгиленди.

 Мындан сырткары, ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал чыгарылып жаткан продукциянын экологиялык жактан жогорку сапатта экенине кепилдик берет.

Эт комбинатында жүздөн ашуун адам жумуш менен камсыздалат жана алардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундардан турат.

Ишканада чийки зат жана үрөн базасы, асыл тукум чарбасы, ошондой эле “фермерлердин мектеби” болгондуктан, эт комбинатынын ишке кириши эт кластеринин толук кызматын камсыздай алат.

Ал кайра иштетүү тармагын колдоо аркылуу калкты сапаттуу айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигине токтолду.

Булак: “Майдан. kg” гезити