"2-3 жылдан бери Раимбек Матраимов жөнүндө айтылбаган сөз, коюлбаган талап, берилбеген убада калбады көрүнөт... Акыры келип "атып сала тургандай күнөөсү жок экен" - дегенге токтодук... Аны жактагандар тарабынан мыкты уюштургуч, жакшы менеджер дегендей сыпаттамалар көп айтылды. Ошондуктан Баткендеги кыйроолорду калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам уюштуруу боюнча атайын Дирекция уюштуруп, ага Матраимовду башчы кылуу туура болобу дейм. Биринчиден, чынында эле колунан иш келген адам болсо анысын далилдейт, ишти уюштурат, ошону менен коом алдында өзүн реабилитациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Экинчиден, курсагы ток деп атышат, ошондуктан жардамга жыйналган жана атайын казынадан бөлүнгөн акча-каражатына кол салып жибербейт, 2010-жылдагы Ош тарапты калыбына келтирүүдөгүдөй терс көрүнүштөр кайталанбайт. Үчүнчүдөн, өзү дагы каржы топтоого жакшы эле салым кошобу деп ойлойм, дос-тамырларын, бизнес өнөктөштөрүн тартып. Менин оюмча аны башка-көзгө койгулап, билгенибиз деле, билбегенибиз деле күнөөлөй бергендин ордуна бул беш күндүк жашоодо бир чоң ШАНС бергенибиз туура болот го дейм. Бул менин жеке пикирим", - деген сунушун жолдоду коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.