Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1173

Бир убакта Азимбек Бекназаров Мадумаровдун: “бийликке сатылып, анын сөзүн сүйлөп кетти, биздеги демократтардын насил-нарктары ушундай” деген мааниде шыбап өткөндөн кийин, “Акипрессте” жыйын өткөрүп, анын түрсүк-майкесин шыпырып ыргыткан эле.

А.Бекназаров А.Мадумаровду ашык-кеми жок, Кыргызстандын үч аймактагы жерин кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз берип жиберген деп айыптады. Ал тууралуу документтери да бар экен, эгерде алардын баары чын болсо, А.Мадумаровду түптүз түрмөгө алып барып камоо керек. Соңку күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин ичибиз ачышып, кырчындай кезде өмүр менен кош айтышкан мекендештерибизди жоктоп олтурабыз. Бүтүндөй айылдар талкаланды, жүрөгүбүзгө кетпес так жазылды. Тажиктердин дагы мынчалык айбанчылыкка барышына себептер болгон. Анын бир себеби биздин булбул – А.Мадумаровдо жатат. Себеби, тажиктер “биздики” деп талашып, басып кирип, байрагын илип алган аймактын бир нече гектары А.Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда тажиктерге мыйзамсыз берилип кеткендиги мурдатан эле айтылып, жазылып келген. Эгерде жаңжалга, кагылышууларга А.Мадумаровдун мыйзамсыз чечими себеп болуп жатса, эмне үчүн ал жоопкерчиликсиз калышы керек?

Айрымдар жарты тыйын уурдаганы үчүн соттолуп жатат. Ал эми Мадумаровдун жоругунун кесепеттери алда канча чоң, бүткүл бир аймактын элине коркунуч жаратып, эки өлкөнүн ортосунда от тутанып, 36 мекендешибиз курман болду, анын катарында 12 жаштагы Мадина кызыбыз да бар. Мына ушундай кайгылуу кесепетке себепкер болгон адамды жазасыз калтыруу - элдин, мамлекеттин алдындагы чоң күнөө болуп саналат.

Мындан тышкары, Азимбек Бекназаровдун айтымында, Каркыранын бир бөлүгүнүн кошуна өлкөгө берилип, Ысык-Көлдүн жээгинде 50 гектарлык анклавдын пайда болуусуна А.Мадумаров түздөн түз күнөөлүү. Эгерде ал чын болсо, эмне үчүн мамлекетке 5-6 миллион сомдон зыян келтиргендер, кармалып, камалып, жазаланып жатышат да, элге, жерге түбөлүк орду толгус кыянаттык кылгандар тайраңдап ар кимдерге акыл үйрөтүп,  кыз боозуп алып энесин коркуткандай,  Ак үйдүн ээлерине догурунуп, өлүмтүктөрүн артып жүрүшөт? Бул биздин бийликтин эмнегедир бошоң, алсыз болуп бараткандыгынын бир белгиси эмеспи? “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгып алып коркулдайт” дегендей, мамлекетке андай кыянаттык кылгандар “дөбөлөргө” чыгып алып бакырбастан, жок дегенде тийиштүү жерлерин бекемирээк кысып, дөбөлөп эмес, жылгалап жүрүүлөрү керек. Антпесе бийликке, мыйзамдуулукка аябагандай чоң доо кетет.

Алдаган жагынан Мадумаров өзү Кыргызстандагы бир да саясатчыны алдыга салбайт. А.Бекназаровдун айтымында, А.Мадумаров 2005-жылы революциячылдарга кошулмак түгүл, аларды колдогон да эмес, Акаевден корккон. Качан бийлик алмашканда Бекназаровдун ортомчулугу аркылуу вице, анан Коопсуздук кеңешине катчы, анан президент Бакиевдин, ошондой эле Данияр Үсөнов - азыркы Урицкийдин ажырагыс адамы болуп, алардын жамак менен жомоктордон турган идеологиясын да иштеп чыгып, алардын үй-бүлөлүк тамадасына айланган. 2010-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” уткан, бирок ал жеңишти коргоп калганга Мадумаровдун эрки, кайраты жеткен эмес. Тили менен ой-тоонун чөбүн бирдей оргон менен чындыгында А.Мадумаров аябагандай эле коркок адам, Бекназаровдой тобокелчил бульдозер эмес. Ал АШАга Түркиядагы айлыгы чоң бир кызматка алданып, партия-сартиясын уруп таштап, беш жылдай жоголуп да жүргөн. Эгерде азыркылар жогоруда айтылган үч маселенин бири боюнча кылмыш ишин козготуп койсо, Урицкийлер тарапка качып кетээрин же суудан төмөн болуп быгып каларын бөркүңүздөй көрсөңөр болот. Ал күрөштүн адамы эмес, ал дебаттардын гана адамы.

Булак: "Фейсбуктан" алынды