"Баткендик көптөгөн жаштар каражаттын айынан, үй курам, үй-бүлө багам деп миграцияда жүрөт. Тамчылап тапкан байлыгы, үй-жайы өрттөлдү, талкаланды.
Бийлик кандай талаптар менен сүйлөштү азыр так эмес. "Кайткыла, коркпой жашоону уланткыла" деген менен үйсүз, жайсыз калгандар көп. Эл аралык сотто утабыз, компенсация кылып, чыгымды Тажикстан берет деген менен ага анча бар али. Убакыт кетет. Азыр жай, күн жылуу. 2-3 айда эле суук келет кайра. Үйү жокторго кыйын болот.
Ошого азыр миллиондогон акчалай каражаттар чогулуп жатат. Баарын эле уюштуруу штабына берип салбай, экономдоп, отчеттуу иштетип туралы. Билесиңер, буга чейин да элден чогулган миллиондор отчетсуз жоголгон. Бул сапар да ушинтсек, жабыркагандардын каргышына калабыз. Акчаларды үй курууга, чек арадагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга сактап туралы.
Баса, мамлекетибизде Курулуш компаниялары көбөйүп, миллион сомдук акция, жардам, кайрымдуулуктарды жасап эле келүүдө. Пайдасыз проекттерге да акча чачып келгендер бар. Мына эми алардын жардам берчү учуру келди. Аты чыккан 10-20 компания 2-10дон үй куруп берсе эле 2-3 айыл курулуп калат эле...
"Чек арага инвестиция" деген долбоор баштап, завод-фабрика куруп, элди жумуш менен камсыздоону жеке бизнесмендерге сунуштап, жеңилдиктерди бериш керек. Бул менен элди чек ара аймагында сактап тура алабыз. Учурунда Исхак Раззаков атабыз да ушул кадамга барган..." - деп жазды Фейсбуктун колдонуучусу Бектур Токтоноев