Башталды десек болот. Россиянын ички демографиялык абалы жакшы эмес. Титулдук улуттар арасында төрөлүүлөрдүн саны кескин кыскарып, өлкөнүн эли азчылыктардын эсебинен, жарандык алган мигранттардын эсебинен көбөйүүдө. Бул эмнени билдирет? Алыскы келечекте Россия мамлекетин башкаруу иштеринде азчылыктардын өкүлдөрү көбөйө баштайт дегенден кабар берет. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес.
Бул нерсе башталды десек болчудай. Көп жылдардан бери Россияда жашап, ал жактагы ири диаспоралык уюмду жетектеп келаткан мекендешибиз Кубанычбек Кожоев “Единая Россия” партиясынан МамДуманын депутаттыгына талапкер болууга белсенди. Учурда анын талапкер болуусу үчүн праймериз башталды. Добуш берүүлөр он-лайн форматында жүрүүдө. Эгерде Россиянын паспорту бар мекендештер бир муштумдай биригип, Кубанычбек Кожоевдин талапкерлигин колдоп добуш беришсе, алдыдагы шайлоодо мекендешибиздин МамДуманын депутаты болуп шайланууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Эгерде мекендешибиз Россия парламентинин депутаты болуп калса, бул анын эле эмес, жалпы кыргыздын жеңиши болгону туру. Канчалаган мекендештерибиздин, мигранттардын укуктары, кызыкчылыктары корголот. Россиядагы башка илимдүү, билимдүү мекендештерибиздин шайлоолорго катыша баштоосуна жол ачылат.
Биз Кубанычбек Кожоевге ийгилик каалап, МамДуманын депутаты болуп шайлануусуна тилектештигибизди билдиребиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити