"Бийликтен четте калгандар, шайлоодо добушу жетпей өтпөй калгандар иштеп жаткан адамды көрө албай чукуп, тиги жагынан, бул жагынан жамандык издеп жатышат. Мен Адахан Мадумаровго кайрылат элем, сиз ушундайыңызды качан токтотосуз, биз жададык?! Элдин көңүлүн буга,тигиге бурганды токтотпойсузбу?! Эми кимге кошулаарды билбей, бейөкмөтчүлөрдүн сөзүн сүйлөп жатасыз. Анан да бирөөнүн атасына, бабасына асылышты токтотсок. Чек араны чечейин деген адамга каршы чыгып, элдин оюн бузмай адатыбызды да таштасак. Фейк деген балээ бар экен, ушакчылардан да жаман экен. Ок чактысы биригип алып, болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтарды тетирисинен берип, элдин пикирин өзгөртүүгө далалат кылышууда. Сын айтып, жамандык издебей, андан көрө моралдык жактан жардам берсек, өлкөбүз өнүкмөк. Буга чейин бир да бийлик эл менен эсептешкен эмес, элге айтпай туруп канча деген кен байлыктарыбызды башкаларга кармата беришти. Азыркы бийлик ар кадамында эл менен акылдашып жатат", - деп билдирди кечээ, 28-апрелде Бишкекте өткөн Садыр Жапаровду жана Камчыбек Ташиевди колдоо митингинин катышуучусу.