Печать
Категория: Коом
Просмотров: 119

Американын президенти Жо Байден Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун талапкерлиги жаңы кызматка сунуштала турганын айтты. Сөз АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы кызмат орду тууралуу болуп жатат.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Түштүк жана Борбор Азия бюросу Борбор Азиядагы 5 өлкө, ошондой эле Индия, Пакистан, Афганистан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Бутан менен кызматташат.

Дональд Лу Американын Кыргызстандагы элчиси катары 2018-жылдын сентябрь айынан тарта эмгектенип келет.