"Хандар кайтсын. Хандарын качырган кыргыз кыйын болуп кеткен жок, наоборот куту качкандай күндөн күнгө кыйың кезеңдер, өмүрү болуп көрбөгөн жосунсуз жоруктар, тынчсыздануу, кооптонуу.... жаркын келечектен үмүтү үзүлгөн эл туш тарапка чачырап, айылдарда ашык атаар уул, сайма сайып, урпак улаар кызың калбай барат! Дагы кайсы күндү күтүп атасын кыргыз?!!! Журт башына келген төбөлдөр акылга салып, намысты ойготуп, келечек үчүн кам көргөн болсоңор эң биринчи хандарды кайтарсаңар болмок! Төрүнөн балким көрү жакындашып барган хандар да кыргыздын кыраандары, кымбаттары болгон. Бөтөн эл бөтөн жерге намыстуу эрлер кынындагы бычагын да таштаган эмес!!!
7-апрель эң каргашалуу күн болгон, кыргыз өтө чоң жаңылганбыз. Эң мыкты президенттин кадырын билбей кашайган күн ал! Көкүрөгү тунук көөдөнү сокур эместерге кимди ким атканы айдан ачык көрүнүп турат. Бакиевди кууп жиберип жыргайм дегендердин бирөө камалып чыкты, экинчиси камалып отурат жашоо бумеранг мындан да хуже болушу мүмкүн болчу.
Негизи эле Жакшынын баркына жеткиче өмүр өтүп, күн бүтүп калбаса экен", - деп жазды Фейсбуктун колдонуучусу Жаннат Мамасадыкова баракчасына.