Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106

Бишкектин так ортосунан уурдалып барып, мыкаачылык менен ѳлтүрүлгѳн Айзаданын ѳлүмү кыз ала качууларга жазаны күчѳтүү зарылдыгын пайда кылды. ЖК депутаты Марлен Маматалиев буга байланыштуу сунушун билдирди. Ал Кылмыш кодексиндеги “никеге туруу үчүн кызды ала качуу” түшүнүгүн жокко чыгаруу керектигин  айтты. Анын айтымында, кыз ала качууларга жазаны күчѳтүп, андай кылмышка баргандарды 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу керек.

“Келгиле, мындай нерселерге биротоло чекит коёлу. Кылмыш кодексинин 175-беренесинде кыз ала качууга 2 жылдан 5 жылга чейин жаза каралыптыр. “Никеге туруу үчүн кыз ала качуу” деген түшүнүк болбошу керек. Адамды уурдоо деген гана болушу зарыл. Жазаны күчѳтүү зарыл. Жоопкерчиликтүү адамдар кызматтарынан алынсын. Акыркы 5 жылда 900 адам уурдалып, күчтѳп  никеге тургузулуптур”,- деди эл ѳкүлү.

Депутат М.Маматалиев менен макул болбой коюуга болбойт,  бүгүнкү мезгил талап кылган сунушту айтты. Бул маселени ЖК депутаттары тезинен карап, айтылган ѳзгѳртүү киргизилиши абзел. Ушундай мыйзамдык жол менен гана кыз ала качуу кѳрүнүштѳрүн токтотуп, «кыз ала качуу салт»  деген эски түшүнүктѳн арылбасак, башка жолун кѳрбѳй турабыз.

Булак: “Майдан. kg”  гезити