Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт чыккан облус-шаарлар:
- Бишкек шаарында — 4,
- Чүй облусунда — 7,
- Ош облусунда — 2,
- Жалал-Абад, Баткен облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.
7-апрель көчөсүндөгү жайгашкан Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчанын ичиндеги 90 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй проспекти, «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын салону күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан.
Сыдыков-Коенкозов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 4 чарчы метр кароолчу будка күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
М.Абдраев көчөсүндө «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда