Печать
Категория: Коом
Просмотров: 101

Мындай чечимди 2-апрелде Биринчи май райондук соту чыгарганын басма сөз кызматы билдирди.

Марттын аягында Аскер прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Бишкек шаарындагы райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. жана борбор калаанын мурдагы вице-мэри А.А. кармалган. Алар Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланууга берүүгө айыпталууда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, А.А. жана А.Ж. Бишкек гарнизонунун абагына камакка алынды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, аталган адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.

Азиз Алымкулов вице-мэр кызматында 2019-жылдын февраль айынан 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген.

Булак: Баракелде