Печать
Категория: Коом
Просмотров: 200

"Өңгөнү кечириштен мурун өзүңдү кечирүү оор. Оордугунан дагы ошол нерсени аңдабаганыбыз азап. Түйшөлөбүз. Чайналабыз. Үшкүрүк тынбай, көңүлүңдө бук турат. Мен өзүмдү эмне кылганым үчүн, же эмне кыла албай, духум жетпей койгону үчүн кечире албай жүрөм деген адам чанда. Өзүнө өзү суроо берип, жан дүйнөсүндөгү чыккысы келбей, жылдар бою жашынып жүргөн жоопторду издейбиз. Өзүбүз менен эсептешпей, өзгөнүн көңүлү үчүн өзүбүздү канча ирет саттык экен ээ? Канчообуз көңүлүң каалаган окууга тапшырбай, кесипти тандоодо өзүбүздү түртүп туруп, жакындарыбыздын кыялын орундаттык? Канчообуз өзүбүз жакшы көргөн адамга эмес айланадагылардын эсептешип - чоттошуп, бизге эмес өзүнө ылайыктаган турмушун куруп, жаздыкка эки баш коюлганы менен жан дүйнөбүздө жалгызсырап жаттык экен? Канчообуз эрежеге, салтка, динге байланып, эркиндиги жок, кыркылган канаты менен асманга шаңшып учканды көксөп жүрдүк экен? Канчообуз өзүбүзгө өзүбүз жакшыны ыраа көрбөй, өзүбүздөн өзүбүз аяп, өзүбүздү өзүбүз тыйып, өксүк кылып өмүрдү жашайт болдук экен? Канчообуз? Мен бир келген жашоону кантип жашап атам? Кимдин кыялын аткаруу менен алекмин? Эмнеге жан дүйнөм уулуп уңшуп атат деген жан барбы? Ким жан дүйнөнү тыңшап, ким жашоосун өзгөртүп атат? Ким? Жан дүйнөнүн үнүн укпай, тебелеген сайын, ким өзүнөн кечирим сурады? Ким кечирди өзүн? Ким өзү менен өзү бир тилде сүйлөп ынтымакташты? Ким?" - деп жазды Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына.