Печать
Категория: Коом
Просмотров: 385

Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Анарбек Калматов Евгения Строкованын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Эске салсак, депутат президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кылмыш ишинин ачылышына өбөлгө боло турчу жоруктарды жасаган Тамара Слащеваны "Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редакторлугуна алып келген деп айткан. 

"Галина Байтерек кадрдык дайындоолорго кийлигишпейт. Садыр Нургожоевич кадр маселесине кийлигишүүгө эч кимге жол бербейт. Ал президенттин расмий веб-сайты жана президенттен чыккан маалыматтарды көзөмөлгө алууга гана жооп берет. Слащева премьер-министрдин буйругу менен башкы редакторлукка келген. Президенттин аппаратынын ага байланышы жок", - деди Калматов.