Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1086

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтеректи кадр маселесин чечүүгө жакындатпаш керек. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Евгения Строкова билдирди. 

Ал  Кыргызстандагы биринчи орус тилдүү гезит, мурдагы "Советская Киргизия", учурдагы "Слово Кыргызстана" 2025-жылы 100 жашка чыгаарын белгиледи. Айтымында, бул гезитке чуулгандуу адам  Галина Байтеректин кийлигишүүсү менен башкы редакторлукка келген. 

"Гезит абдан окумдуу болчу, Слащева Тамара Михайловна башкы редактор болгондон кийин үй-бүлөлүк кландык башкаруусун орнотуп, маалыматтык да, экономикалык да жактан кыйынчылыкка кептеди. Дайыма мамлекеттик жардам, гранттар көрсөтүлүп турганына карабастан 4 миллион сомдун тегерегинде карызга батты. Ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр артем Новиковго журналисттер кайрылып жатып, Слащеваны башкы редакторлуктан кетиришкен.

Бирок кайра Слащева башкы редакторлукка келди. Анын башкы редактор болуусуна Галина Байтерек жардам берген. Гезиттеги журналисттер айлык акы алышпай жатышат. А бирок Слащеванын жакындары, кызы 1 миң доллар айлык алат", - деди депутат. 

Строкова Садыр Жапаровго кайрылды: "Биз шопур мамлекетти башкарып, маселелерди чечкендеги тажрыйбаны көргөнбүз. Басма сөз катчыңыздын сиздин атыңыздан кадр маселесин чечкенин токтотуңуз. Байтерек Слащеваны башкы редакторго кайтарып келди, болбосо ага кылмыш иши козголушу керек эле", -деди.